Орусияда националист Тесактын шериктери мигранттарды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды

  • 1 год мурун

Москва облусундагы Сергиево-Посадский шаардык сотунда сот арачылары 20 жыл мурдагы мигранттардын өлүмүнө айыпталган националист Максим Марцинкевичтин (Тесак) алты шеригин күнөөлүү деп табышты.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2003-жылы ашкере улутчул көз караштагы Марцинкевич, Семён Токмаков жана Андрей Кайль эки мигрантты «курулуш иштерине» деп алдап, Смоленск облусундагы Тесактын үй-бүлөсүнө таандык дачага алып барышкан. Ал жактан мигранттардын бирин балта менен чаап, экинчисин муунтун өлтүрүп, сөөктөрүн дачага көмүп салышкан. Кийинчерээк Токмаков, Кайль жана башка соттолуучулар (Алексей Гудилин, Александр Лысенков, Максим Хотулев и Павел Хрулёв) Сергиево-Посадскийдеги каралбай калган турбазада дагы эки мигрантты өлтүргөн. Бул учурду алар видеого тартып, интернетке чыгарышкан. Мигранттардын баштарын Гольяново районундагы көчөлөрдүн бирине ыргытып жиберишкен.

Тергөө бул кылмыштардын уюштуруучуларынын бири Марцинкевич болгон деп эсептөөдө. Анын сөөгү 2020-жылы күзүндө Челябинсктеги тергөө абагында табылган. Анда тергөөчүлөр аны адам өлтүрүү боюнча дагы бир нече иш боюнча суракка алганы жатканы кабарланган.

Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматы менен Башкы прокуратурасы Марцинкевич өмүр бою эркинен ажыратуу жазасынан коркуп, өз өмүрүнө кол салганын билдиришкен. Өз кезегинде Тесактын жакындары аны атайылап эле өлтүрүп коюшканын белгилеп, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөрдү кыйноо жана басымдын алдында бергенин айтышкан.

«Медиазона» басылмасы белгилегендей, Марцинкевичтин азыр соттолуп жаткан шериктери да тергөө маалында күнөөлөрүн моюнга алып, сотто кайрадан айыптоолорду четке кагууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты