Орусияда мигранттардан талап кылына турган медициналык маалымкаттардын мөөнөтү бир жылга узартылды

  • 2 года мурун

Орусиянын саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө узак мөөнөткө келген чет өлкөлүктөрдөн талап кылынчу медициналык маалымкаттардын жарактуу мөөнөтүн бир жылга чейин узартты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мындан тышкары талап кылына турган медициналык документтердин саны да азайтылды: 13 жашка чыга элек чет өлкөлүктөр үчүн маңзаттын же психотроптук заттын жоктугун текшере турган химиялык-токсикологиялык текшерүүдөн өтүү талабы алынып салынды. Ошондой эле жугуштуу оорулардын тизмесинен коронавирус чыгарылды.

Мекемеден чет өлкөлүктөр үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүнүн жаңы тартиби 2022-жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кире турганын белгилешти.

Орусиянын Президенти Владимир Путин 2021-жылы июлда өлкө аймагына үч айдан узак убакытка кирип жаткан бардык чет өлкөлүктөрдү манжа изин тапшырууга жана кооптуу оорулардын жоктугун ырастаган медициналык маалымкаттарды көрсөтүүгө милдеттендирген мыйзамга кол койгон.

Чет өлкөлүк жаран бул документтерди Орусиянын аймагына киргенден кийин 90 күндүн ичинде, иштөөгө келген мигранттар 30 күндүн ичинде топтоп бүтүшү керек.

Буга чейин «Медиазона» басылмасы бул талаптардан улам Москванын четиндеги «Сахарово» миграциялык борборунда мигранттардын узун кезеги жаралганын кабарлаган.

17-февралда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылган. 21-февралда орус тарап бул талапты аткарган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты