Орусия Өзбекстан аркылуу экономикалык санкцияларды кыйгап өтүүгө аракет кылууда

  • 2 года мурун

Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган орусиялык компаниялар Өзбекстанды Европадан тетиктерди алуучу база жана өз товарларын сата турган базар катары колдоно башташты.

Ташкентте өткөн «Иннопром. Борбор Азия» деп аталган өнөр жай жарманкесинде эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу жаңы тогуз келишимге кол коюлду.

Иш-чарага катышкан расмий адамдар менен ишкерлердин айтымында, орус компаниялары Өзбекстанга буудай, өсүмдүк майын, фармацевтикалык препараттарды жана башка Батыш өлкөлөрүнө сата албай турган товарларды экспорттоого ниеттенип жатышат.

Санкцияларга кабылган ири компаниялар, анын ичинде КАМАЗ менен Lada Өзбекстанда жана башка коңшу өлкөлөрдө заводдорун ачуу менен Европадан тетиктерди алууга аракет кылууда.

УзА агенттигинин маалыматына караганда, Ташкентте өткөн үч күндүк жарманкеге Франциядан, Италиядан, Нидерланддан, Индиядан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн 200гө жакын компаниялар менен жеке ишкерлер катышты. Бирок алардын көбүн орус өкмөтүнүн жетекчилиги менен келген орусиялык компаниялар түздү.

Расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн эки ири келишим фармацевтикалык тармакка тиешелүү: Өзбекстанда орус капиталынын катышуусунда инсулин жана химиотерапиялык препараттарды өндүрүү боюнча эки ири завод ачуу пландалууда.
Өзбекстандын Фармацевтикалык өнөр жайын өнүктүрүү агенттигинин директору Сардор Кориевдин айтымында, бул эки долбоордун баасы 35 миллион долларды түзөт.

25-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен Беларустун премьер-министри Роман Головченкону кабыл алган. Ал жолугушуулар мунай, автоунаа куруу жана авиация тармактары боюнча жаңы кызматташтыкка арналган.

Жолугушууга катышкан белгилүү өзбек ишкери Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган орус өнөр жайы Өзбекстан аркылуу чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө аракет кылып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул схемалардын жыйынтыгында орус товарларына Орусия-Түркия-Батыш же Орусия-Борбор Азия-Түркия-Батыш сыяктуу айланып өтүүчү жолдор ачылууда.

Быйыл бул иш-чарага Батыштын санкцияларына кабылган Газпромбанк, Россельхозбанк, Росатом, USM сыяктуу орусиялык компаниялар демөөрчүлүк жана өнөктөштүк кылышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты