Орусия тарап Кремлге дрон аркылуу сокку уруу аракети болгонун билдирди. Киев сокку урбаганын айтты

  • 1 год мурун

3-майга караган түнү Киев учкучсуз учуучу аппарат аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына сокку урууга аракет кылганын Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады. Украинанын президенти Владимир Зеленский «Путинге да, Кремлге да сокку урбаганын» билдирди.

Орус медиасы дрондор Кремлди көздөй багытталганын, аскердик жана чалгын кызматтары алардын мизин кайтарганын кабарлады.

Маалыматка караганда, эч ким жабыркаган эмес жана Путиндин иш графиги өзгөргөн эмес.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Хельсинкидеги пресс-конференцияда Кремлге учуучу аппараттар аркылуу сокку уруу аракети жана анда Украинанын катышы бар дегенге жооп катары «Путинге да, Москвага да сокку урбаганын» айтканын орусча DW Фейсбук баракчасында билдирди.

«Биз өз аймагыбызда, өз айылдарыбыз менен шаарларыбызды коргоп жатабыз. Биз Путинди атакалаган эмеспиз. Биз муну трибуналга беребиз” деди Владимир Зеленский.  

  

  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты