Орусия соңку жарым жылда Украинадагы согушта 10 миңден ашуун аскерин жоготту

  • 2 года мурун

Би-Би-Си менен «Медиазона» басылмасы ачык булактарга таянып, соңку жарым жылда орус-украин согушунда канча орус аскери мерт болгонун аныктап чыкты. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында Орусия бери дегенде 10 014 аскерин жоготту.

Басылмалар Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 56 168 орусиялык жаран набыт болгонун жазды.

Алардын арасында мобилизацияга тартылгандар басымдуулук кылат.

Журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Иликтөөчүлөр реалдуу сан кеминде мындан эки эсеге көп экенин белгилешет.

Москва менен Киев Украинадагы согушта өздөрүнүн эмес, бири-биринин жоготуулары тууралуу гана айтып келишет. Бул жагынан алганда «Би-Би-Си» жана «Медиазона» басылмаларынын иликтөөсү каза болгондордун санын аныктоодо өтө маанилүү эмгек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты