Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын алып кирүүгө тыюу салды

  • 1 год мурун

Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Россельхознадзор) 21-марттан тарта Орусияга Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын ташууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында айтылат.

Маалыматта мындай чечим 10-апрелден 16-апрелге чейин Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн ишканаларында жана сүт чогултуу пунктарында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынганы айтылат.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Орусияга экспорттолчу сүт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоого жана тастыктоого жооптуу органдын эффективдүү иш алып барбаганы тастыкталды. Лабораториялык изилдөөлөрдүн планы Орусиянын жана ЕАЭБдин мыйзамдарында каралган көрсөткүчтөрдүн көбүн камтыбаганы аныкталды«, — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстандын ишканаларында «байкоо жүргүзүү системасы жок болгондуктан чийки заттын келип чыгышына байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес экени» жазылган.

Орусияга сүт азыктарын ташууну жандантуу маселеси Кыргызстандын ветеринардык кызматы бардык сүт иштетүүчү ишканаларды кайрадан Орусиянын жана ЕАЭБдин талаптарына ылайык текшерип чыккандан кийин карала турганы белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты