Орусия ИИМ жакында жарандык алгандар тууралуу аскер комиссариатынан маалымат сурады

  • 6 дней мурун

Орусиянын Ички иштер министрлиги  (ИИМ) аскер комиссариаттарынан жакында эле Орусиянын жарандыгын алып, бирок аскердик каттоодо турбаган адамдар тууралуу маалымат сураган. Бул тууралуу бейшембиде ИИМдин өкүлү Ирина Волк билдирди.

«2024-жылдын 8 айында 1117 жаран мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жарандыктан ажыратылды» деп билдирди Ички иштер министрлигинин өкүлү Ирина Волк.

8-августта кол коюлган жаңы мыйзамга ылайык, жаңы жарандар туруктуу жашаган жеринде каттоодон өткөндөн кийин эки жуманын ичинде аскердик каттоого турууга милдеттендирилет. Мыйзам Украинадагы согуштун фонунда кабыл алынган. Александр Бастрыкин июнь айында Орусия тарапта 10 миңдей мигрант кагылышууга катышып жатканын билдирген.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, Орусияда 12 миллион мигрант бар, алардын көбү Борбор Азия мамлекеттеринен келгендер.

Жыл башынан бери Орусиядан 65 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран чыгарылып, 120 миңдей мигранттын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган. Мигранттардын агымы акыркы 10 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты