Орусия элчилигинин алдына митингге чыккандарды милиция кармап кетти

  • 2 года мурун

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова жана Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти.

Бүгүн, 17-мартта айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар элчиликтин алдында Украинаны колдоо максатында акцияга чыгышкан.

Милиция азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.

Мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы скверде уюштурса боло турганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты