Орусия “Дефолтко” учурадыбы? Бул эмнени билдирет жана эмнеси менен коркунучтуу? (Фактчекинг)

27-июнь күнү Мирбек Маматкасым аттуу Фейсбук колдонуучусу Орусиянын “Дефолт” болгону тууралуу маалыматты бөлүшкөн. Анда Орусия карызын төлөй албай калганы айтылат. 

Россия — ДЕФОЛТ. РФ 100 миллион $ карызын төлөй албай калды. Рубль сактап келаткандарга салам!”, — деп жазылган. 

Орусия “Дефолтко” учурадыбы? Бул эмнени билдирет жана эмнеси менен коркунучтуу? (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Дефолт термини

Дефолт- кредиттик келишимди аткарбоо, башкача айтканда, карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздарды же негизги карызды өз убагында төлөп бербөө болуп саналат. Дефолт компаниялар тарабынан да, жеке адамдар тарабынан да, ошондой эле мамлекеттер тарабынан да (суверендүү дефолт) жарыяланышы мүмкүн. Суверендүү дефолт мамлекет ата-мекендик же чет элдик жеке кредиторлордун же банктардын алдындагы милдеттенмелерин өз убагында аткарбаганда пайда болот.  Бир мамлекет дефолтко учураганда расмий билдирүү жасалбайт. Муну адатта эл аралык авторитеттүү агенттиктер жасайт. 

Акыркы 40 жылдын ичинде дүйнө жүзү боюнча чет өлкөлүк кредиторлордун алдындагы милдеттенмелерин аткара албаган ондогон суверендүү мамлекет дефолтко учураган. 

Мисалы, 2001-жылы Аргентина, 2017-жылы Венесуэла жана 2012-жылы Греция сыяктуу өлкөлөр кредиттерди төлөй албаган үчүн дефолтко учурашкан. 

100 жылдан кийинки алгачкы “Дефолт”  

27-июнь күнү Bloomberg агентствосу Орусия 1918-жылдан бери биринчи жолу тышкы карыз боюнча дефолтко учураганын билдирген. Мекеменин маалыматына ылайык, Орусия 27-майда, төлөнүүгө тийиш болгон 100 миллион долларга жакын пайыздык төлөмдөрдү төлөбөй, мөөнөтүн өткөрүп жибергендиктен бул “дефолт” деп эсептеле турганы айтылат. 

“Бул “Большевиктер” падышалык режимдин карыздарынан баш тарткан 1918-жылдан берки Орусиянын тышкы карызы боюнча биринчи дефолт”, — деп жазат Bloomberg. 

Ошол эле учурда Bloomberg агентствосу  «дефолт» азырынча «негизинен символикалык жана Орусиялыктар үчүн анча мааниге ээ эмес» деп жазган.

“Орусия бир кылымда биринчи жолу эгемендүү валюталык карызын төлөй албай калды, бул Батыштын барган сайын катаал санкцияларынын туу чокусу болуп, чет элдик кредиторлорго төлөм жолдорун токтотту”, -деп айтылат.

Белгилей кетсек, Bloomberg агентствосу — каржылык жана экономикалык маалыматтарды берүүчү дүйнөдөгү эң маанилүү маалымат агенттиктеринин бири. Агенттиктин негиздөөчүсү жана ээси америкалык бизнесмен жана Нью-Йорктун мурдагы мэри, миллиардер Майкл Блумберг болуп саналат. Bloomberg’де дүйнөдөгү экономикалык тармакка анализ жүргүзүп келет. 

Белгилей кетсек, Орусия февраль айында Украинага басып киргенден кийин дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизишкен. Орусия өз убагында мындан кийин экономикалык мамилелерде жана кызматташтыктарда рубльды колдоно турганын билдирген. 

Орусия: “Биз дефолт болгон жокпуз” 

Өлкөнүн дефолтко учураганы тууралуу билдирүүнү Орусия расмий түрдө четке какты. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген. 

Песков Орусиянын Борбордук банктын тоңдурулган резервдерин кайтаруу үчүн кандайдыр бир кадамдарды көрүп жатканын жана мыйзамдуу процедуралардын башталгандыгын билбегенин белгилеген.

 “Албетте, биз кырдаалды талдап жатабыз. Резервдер боюнча биздин позициябыз жакшы белгилүү. Аларга мыйзамсыз бөгөт коюлган. Бул резервдерди кандайдыр бир жол менен пайдалануу аракети да мыйзамсыз болуп калат жана чындыгында ачыктан-ачык уурулук болуп калат «, — деген ал.

Анын айтымында, Орусиянын дефолтко байланыштуу дооматтары да таптакыр негизсиз.

“Ал эми Euroclear бул акчаны кармап калганы, алуучуларга алып келбегени биздин көйгөйүбүз эмес. Бул жагдайды дефолт деп айтууга эч кандай негиз жок”, — деп билдирген Песков .

Мындан сырткары, Орусия Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Сергей Цеков да четке каккан.

«Бул абдан эле күлкүлүү. Алар өздөрүнүн каржы институттарындагы акчаларыбызды тартып алып, биз дефолтко жол бердик деп эсептешүүдө», — деген Цеков.

ТАСС агентствосу маалымдагандай, Орусиянын тышкы карызы тескерисинче 2022-жылы азайган. 

Бирок буга чейин согуштун кесепетинен Орусияга коюлган санкциялардан улам, экономикалык кыйынчылыктар тууралуу да айтылып келген. 

Дефолт эмнеси менен коркунучтуу? 

Дефолт суверендүү мамлекет үчүн каатчылык жаратаарын эксперттер айтып келишет. 

Негизинен дефолтко жол берген өлкөгө каршы сот иштери да башталат. Кредиторлор карыздык милдеттенмелер боюнча жөн эле доо койбостон, соттун чечимин аткаруу стадиясында чет өлкөдөгү активдерге, мисалы, дипломатиялык мүлккө (элчиликтердин жана консулдуктардын имараттары) камакка алуу демилгесин көтөрүшөт.

Эреже катары, дефолттун башка кесепеттери:

  1. Улуттук валютанын девальвациясы; (рубльдын же башка вальютананын төмөндөшү) 
  2. Ишканалардын капиталдаштыруунун төмөндөшү;
  3. Номиналдык жактан да, сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча да төмөнкү айлык акы;
  4. Жарандардын жана мамлекеттин ишинин көптөгөн чөйрөлөрүн (анын ичинде социалдык мааниге ээ) бюджеттик каржылоону кыскартуу болушу мүмкүн.

Жыйынтык: Орусия дефолтко учураганын официалдуу түрдө четке каккан. Бирок бир топ эксперттер Орусияга санкциялардын зыяны бир топ тийип жатканын жана Орусия экономикасын исскусстволук жол менен кармап жатканын айтышкан. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты