Орусия: акча кууп абакка түшкөндөр

  • 1 год мурун

Орусиядагы абакта жаткан кыргызстандыктардын тагдыры тууралуу “МедиаХаб” видеоматериал жарыялады.

Анда өмүрлөрүн Орусиядагы абакта өткөзүп жаткан кыргызстандыктардын саны күн сайын өсүп жатканы айтылат.

«Нуржан апанын баласы Орусияда такси кызматында иштечү. Ал 2019-жылдын 4-декабрында, Кыргызстанга эртең кетем деген күнү полиция тарабынан өзү менен кошо эки кыргызстандык менен кармалган. Соту бир жыл жети ай дегенде болуп, Айбекке баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сатууга аракет кылгандыгы үчүн 8 жылга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынган. Баңгизат ташуу боюнча Москва шаарынан эле бир күндө үч кыргызстандыктын кармалышы — олуттуу маселе экендигинен кабар берет», — деп айтылат. Маалыматка ылайык, “МедиаХабдын” журналисттери бул боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылып, жооп ала алышпаганын билдиришти.

Видеоматериалды төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты