Орус паспортун алган кыргызстандыктар мобилизациядан кутулууга жардам сурап жатышат

  • 1 год мурун

Укук коргоочулар Орусияда иштеп жүргөн мигранттардан Украинадагы согушка мобилизациялануудан кутулууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылгандар көбөйгөнүн билдирүүдө.

Буга чейин орус жарандыгын алган жүз миңдеген кыргызстандыктар кыргыз жарандыгынан баш тартышкан эмес. Укук коргоочулар бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечүү керек деп эсептөөдө.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, акыркы эки жуманын ичинде ага Орусияда жашаган ондогон жаран кайрылды. Алар мобилизациядан кутулууга жардам берүүнү өтүнүп, Кыргызстандын Орусиядагы элчиги бул маселеде аларга жардам бербей жатканын айтышкан.

«Алар Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жардам бербегенине өтө таң калып жатышат. «Биз кыргызстандыкпыз го, эмнеге элчилик жардам берип, Кыргызстанга алып кетпей жатат?» деп суроо салууда. Ошондуктан мен «Фейсбукка» билдирүү жазып, элчилик аларга жардам берүүгө милдеттүү эмес экенин, анткени алар Кыргызстандын жараны болбой калганын айттым. Көпчүлүгү ушул жагын жакшы түшүнбөй жатышат», – деди Абдирасулова.

Укук коргоочунун бул билдирүүсү социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты. Анткени буга чейин Кыргызстанда орус паспортун алган мекендештерди эч ким «мурдагы мекендештер» деп айткан эмес. Айрым колдонуучулар Абдирасулованын билдирүүсүн айыптап, мигранттар жыргаганынан орус жарандыгын албаганын айтышса, башкалары расмий бийлик аткарышы керек болгон маселени ачык айтканы үчүн укук коргоочуга ыраазылык билдиришти.

Статистикага ишенсек, Орусиянын жарандыгын алууну каалагандар азайбастан, тескерисинче көбөйүүдө. Эгер беш жыл мурда орус паспортун 8 миң кыргызстандык алса, эки жыл мурда алардын саны 20 миңге жеткен. Орусия Украинага кол салган 2022-жылы 37 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган.

«Биз аларды дале болсо кыргыз жараны деп эсептейбиз жана орус паспортун эмнеге алганын түшүнөбүз. Азыр ал 500 миң жаран үчүн түз коркунуч болсо, жарандык албаган дагы 500 кыргызстандык кыйыр коркунучта. Ал жакта орус жарандыгы жокторду, ошондой эле абактарда отурган мекендештерди да келишимдик негизде согушка алып кетүүгө аракет кылып жатышат», – деди Бишкекте мигранттардын кесиптик кошуунун түзгөн Гүлнара Дербишева.

Өткөн аптада Украинада Кыргызстандын жараны Аян Алишеров каза тапканы белгилүү болгон. Ал Орусиянын жарандыгын алган эмес, орус абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Жакындары ал түрмөдөн түз эле согушка жөнөтүлгөнүн билишкен эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты