Орус драма театрынан чыккан өрт чектөөгө алынды

  • 9 месяцев мурун

Ч. Айтматов атындагы улуттук Орус драма театрынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкектеги орус драма театрында чыккан өрт саат 14:57де чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Маалым болгондой, Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун К.Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан орус драм театрынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден саат 13:53төн тарта жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, ИИМден 4 экипаж тартылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты