Орунбеков: «Коргонбай уулунун мандатын тапшырганын Бейшеналиевге байланыштырган туура эмес»

  • 2 недели мурун

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруусу жөнүндө Фейсбукка пикирин жазды.

«Депутат Коргонбай уулунун мандатын тапшырганына министр Бейшеналиев экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тиешеси жок. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин дагы, мындан ары дагы боло берет, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Андыктан, депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү — өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу, Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактарына такыр тиешеси жок», — деп жазды Орунбеков.

22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК депутат Жусупбек Коргонбай уулу мандатынан ажыратты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты