Орто-Сай базарында 40 башаламан соода түйүнү жоюлду

  • 7 месяцев мурун

Бишкектеги Орто-Сай базарында 40 башаламан соода түйүнү жоюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы башаламан соода менен күрөштү улантууда. Бул жолу Октябрь акимчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте Юнусалиев көчөсү менен Сүйөркулов көчөсүндөгү Орто-Сай базарынын айланасында рейд жүргүзүп, 40 башаламан соода түйүнүн жойду. Көчө соодасынын зыяндуулугу жана алдын алуу боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан сырткары өрт коопсуздугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, рейддер Орто-Сай базарында, Ынтымак-2 эс алуу багында, Көк-Жар кичирайонунда жана Сүйөркулов, Юнусалиев көчөлөрүндө өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты