Орозо айы быйыл 2-апрелде башталат

  • 2 года мурун

Кыргызстанда Орозо айы быйыл 2-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2-апрель Орозо айынын биринчи күнү. 28-апрелге караган түн Кадыр түн болот.

Жалпы мусулмандар ыйык тутуп, ниет кылган Орозо айы 2-майда майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты