Орозайым Нарматованын Камчыбек Ташиевдин психикалык саламаттыгы боюнча айткандарын текшеребиз (Фактчекинг)

21-июнь күнү Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова Фейсбук баракчасына УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тууралуу жазып чыккан. Анда Камчыбек Ташиевдин психикалык саламаттыгы жөнүндө сөз болгон. 

Ташиев моралдык укугуңуз жок. Сиз деген түрмөдөн чыгыш үчүн «психикалык жактан оорулуу» деген кагаз алган экенсиз. Акыл-эси соо эмес адам УКМКда жетекчи боло албайт. Биз сизден коркобуз!”, — деп жазган Нарматова. 

Орозайым Нарматованын Камчыбек Ташиевдин психикалык саламаттыгы боюнча айткандарын текшеребиз (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы Орозайым Нарматованын айткандарын текшерип көрдү. 

2012-жылдагы окуя 

2012-жылы 3-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Ата-Журт» партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду камакка алган. 

Орозайым Нарматованын Камчыбек Ташиевдин психикалык саламаттыгы боюнча айткандарын текшеребиз (Фактчекинг)

Алар ошол жылы Ала-Тоо аянтына “Кумтөрдү улутташтыруу” талабы менен митингге чыгып, бирок, жүрүш массалык башаламандыкка айланып кеткен. Маалыматтарга ылайык, митинг башталгандан эки саат өтпөй “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, андан кийин чогулгандар Ак үйдүн тосмолорун аттап кире башташкан. Кийин окуяга тиешеси барларга “бийликти басып алуу” айыбы коюлуп, биринчи инстанциядагы сот аларды айыптуу деп тапкан. Бирок, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов айыптоолорду четке кагышып, бийликти басып алууга үндөбөгөнүн айтып чыгышкан.  

Башкы прокурор Аида Сальянованын тушунда, прокуратура Камчыбек Ташиевдин психологиялык абалын жана психикалык саламаттыгын аныктоо үчүн текшерүү дайындаган. Аталган текшерүү депутаттын 3-октябрдагы митингде сүйлөгөн сөзүнө жана жасаган аракетине жооп бергенби деген суроонун башын ачмак.

Бирок, Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икраимидин Айткулов жана ошол учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бул текшерүү мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан. 

Анткени, жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусунда «Камчыбек Ташиев акыл-эси ордунда, бирок психикалык дарты бар, ошондуктан дарыланууга муктаж. Эгерде абакта кала берсе дарты күчөйт» деп жазылып, ушул корутундуга байланыштуу башкы прокуратура Ташиевди абактан бошотуу өтүнүчүн сотко келтирген.

Бирок, Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икраимидин Айткулов бул экспертиза кандай шартта жүргүзүлгөнү ачык айтылбай, уруксаты жок жасалганы үчүн “мыйзамсыз” болгонун белгилеп, экинчи экспертиза жүргүзүүнү талап кылган. 

Ал эми ошол учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Камчыбек Ташиевди текшерүүдө адам укугунун ченемдери сакталган эмес деп айткан:

Мен Ташиевдин аракеттерин эч убакта актабайм. Бирок ал адам. Анын психологиялык абалын же психикалык саламаттыгын текшерүү кандайча мыйзамдуу шартта жүргүзүлгөнү боюнча прокуратура документтерди көрсөткөн жок. Анан ал корутундуну туңгуюк кылып эле, сотко баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сунуш келтирип жатканы таң калычтуу. Муну адамдын тагдыры менен ойноо деп түшүнөм. Прокуратура ачык айтпаганы менен кыйыр түрдө Ташиевдин баш мээсинин саламаттыгы боюнча шек келтирди. Мыйзам боюнча мындай экспертиза жүргүзүү үчүн мына ошол адамдын же анын жакындарынын макулдугу керек болчу. Бирок бир нече суроо бере койуп эле ошонун негизинде корутунду бар деген адам укугун басмырлоо”, — деп айткан Турсунбек Акун. 

Ошол учурдагы башка укук коргоочулар да текшерүү мыйзамга туура келбей туганын айтышкан. 

Андан кийин, Башкы прокуратура камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин саламаттыгына байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушун соттон кайра чакыртып алган. Буга Камчыбек Ташиевдин жактоочусунун анын бедел-баркына шек кетип жатат деген дооматы негиз болгон.

Кийин кайрадан экспертиза жүргүзүү тууралуу айтылып, бирок кандай бүтүм менен бүткөнү белгисиз. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын 2012-жылдагы сайтынан  табууга мүмкүн болгон жок. 

Кийинчерээк Жогорку сот кийин биринчи инстациядагы сот чечимин күчүндө калтырып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди 1,5 жылга, ал эми Талант Мамытовду жана алардын жансакчыларын 1 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.  Бирок алар тергөө абагында эле бул мөөнөттү өтөп койгону үчүн боштондукка чыгышкан эле.

Октябрь окуяларына кийин Жогорку сот былтыр бул ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап, барын актаган чечим чыгарды.

Башкача айтканда 2012-жылы Камчыбек Ташиевдин психикалык саламаттыгы боюнча экспертиза түзүлгөн. Бирок ал мыйзамсыз деп табылып, кабыл алынган эмес. 

Экс депутат Орозайым Нарматова жана диплом чуусу 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курамы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Орозайым Нарматованын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-январдагы отурумунда жокко чыгарылган. 

Мындай чечимге Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Мындан тышкары сессияларды жана тиешелүү сынактарды тапшыруу учурунда Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусияда жүргөнү аныкталганы кабарланган.

Бул коомчулукта ар түрдүү пикирге жол ачкан. Анткени, “жасалма диплому бар” деп шектелген башка депутаттардын аты ачык айтылбай, “мыйзам тандалма иштеп жатканы тууралуу” нааразычылыктар жаралган. 

Белгилей кетсек, УКМК жүргүзгөн териштирүүнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрт депутатынын диплому жасалма болушу мүмкүн экени айтылган. Бирок алар ким экени ачык айтылбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес. 

Жыйынтык: 2012-жылы азыркы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге психикалык саламаттыгын текшерүү үчүн экспертиза жүргүзүлгөнү чындык. Бирок ал “мыйзамсыз” жүргүзүлгөнү белгиленген. Анткени экспертиза кандай негизде жүргүзүлгөнү так аныкталган эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты