Оргалчанын үй-бүлөлүк бизнеси: “Коопсуз шаар” жана Кытай менен болгон байланыш

Кыргызстанда соңку күндөрү парламенттик шайлоого катышкан Токтобүбү Оргалчанын ысымы көп айтылды. “Альянс” партиясынан талапкерлигин койгон Оргалча Жанар Акаевдин ордуна депутат болору коомчулукта резонанс жаратты. Мындан тышкары, ишкер айымга тиешелүү автобустар былтыркы октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташыган эле.

Factcheck.kg Токтобүбү Оргалчанын үй-бүлөсүнө таандык компанияларды иликтеп, кытайлык ишкерлер жана “Коопсуз шаар” долбоору менен байланышын таап чыкты. 

Оргалчанын үй-бүлөлүк бизнеси: “Коопсуз шаар” жана Кытай менен болгон байланыш
Токтобубу Оргалча, Жанар Акаев

 

Талапкердин компаниялары

 Osoo.kg маалыматына ылайык Оргалчанын өзүнө “Шыдыр жол Кей Джи” транспорттук компаниясы, унааларды тейлөө жана оңдоо менен алектенген “МегаКомпани” фирмасы жана ич кийимдерди чыгарган “Томас Кей Джи” аттуу компания катталган.

2021-жылдын октябрь айына чейин ишкер “Диализ борбору” медициналык борбору мекемесине ээлик кылып келген. Андан соң, аталган мекеме Оргалчанын жубайынын ысымына кайра катталган.

“Шыдыр жол Кей Джи” ЖЧКсы 2015-жылдын апрель айында каттоодон өткөнүнө карабай, Оргалча vb.kg берген маегинде транспорт компаниясын ачуу идеясы 2017-жылы гана пайда болгонун билдирген.  Компанияга өзүн Оргалчанын жубайы деп тааныштырган Нурсланбек Балтабаев ээлик кылат.  “Шыдыр жол Кей Джи”  2015-жылдан тарта салык төлөп келет, 2021-жылы эң көп, 6 млн сомдон ашуун салык төлөгөн.

“МегаКомпани” ЖЧКсы 2018-жылдан тарта иштеп келет жана унааларды техникалык тейлөө жана оңдоо менен алектенет. Аталган компания дагы быйыл эң көп салык төлөгөнгө жетишкен. 

Оргалчанын үй-бүлөлүк бизнеси: “Коопсуз шаар” жана Кытай менен болгон байланыш
osoo.kg

Фирманын директору катары Рысбек Бечеловдун ысымы көрсөтүлгөн. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын октябрында өткөн шайлоодо Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынын (КЭДП) финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

2019-жылдын декабрында компания кайра каттоодон өткөн. Анын мурдагы тең негиздөөчүлөрү Ахмулаева Шукрибан Турсунмагомедовна, Иманалиева Асель Тынаевна, мурдагы директору Мурсакматов Талантбек Молдогазиевич болгон. 

“Томас Кей Джи” ЖЧКсы 2019-жылдан тарта ич кийимдерди чыгаруу менен алектенет. Компания алгач Айыл чарба министрлигинин дареги боюнча каттоодон өткөн  (Киев көчөсү, 96А). Ал эми учурда Оргалчанын башка компаниялары катталган Токтогул көчөсүндөгү №108-үй көрсөтүлгөн. Буга чейин компаниянын директору 2010-жылдары Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкери болуп иштеген Кубанычбек Курманов эле. Ал эми учурда директор катары Алтынбек Камаловдун ысымы катталган. Камалов тууралуу ачык булактарда маалымат табылган жок. 

Жубайынын бизнеси 

Мындан тышкары, жакынкы убакка чейин Токтобүбү Оргалча “Диализ борбору” аттуу медициналык борборго дагы ээлик кылган. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында компания кайра каттоодон өтүп, анын директору жана негиздөөчүсү катары Оргалчанын жубайы Нурсланбек Балтабаевдин ысымы көрсөтүлөт. 

“Коопсуз шаар” жана Кытай менен болгон байланыш 

Нурсланбек Балтабаевдин ысымына “Коопсуз шаар” долбоору менен кыйыр түрдө байланышы бар дагы эки компания катталган. 

“ТОПФОРМ.КЕЙ ДЖИ” ЖЧКсы 2015-жылы ИИМге “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда тендердин жеңүүчүсүн аныктоо боюнча мыйзамсыз аракеттерди жана долбоорду ишке ашырууда тендерди өткөн жок деп таануу арызы менен кайрылган. Ошол кезде “Стилсофт Бишкек” компаниясы жеңүүчү деп табылган эле. 

2018-жылы “ТОПФОРМ.КЕЙ ДЖИ” “Коопсуз шаар” тендерине катышууга аракет кылып, тендерди жеңген Huawei компаниясынын айырмаланып, 60 миллион долларга эмес, 40 миллион долларга камера орнотууну сунуштаган. Бирок өкмөт Huawei менен инвестициялык келишим түзүп жатканда компания “кеч түшкөн арыздан” улам долбоордон баш тарткан. Ошондой эле Huawei “коопсуз” эмес, “акылдуу” шаарды ишке ашыра турганы айтылган. 

“ТОПФОРМ” фирмасы тууралуу айрым маалыматтар белгилүү болду. Мисалы, анын документтерде көрсөтүлгөн телефон номери Айгүл Таированын наамында. Анын жубайы – өткөн парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстандын” талапкери жана 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Адахан Мадумаровдун ишенимдүү адамы Шайырбек Таиров.

Белгилүү болгондой, материалда Айгүл Таированын жубайы деп көрсөтүлгөн маалымат техникалык ката деп аныкталды. Бирок, материал жарык көргөнгө чейин Айгүл Таирова менен Шайырбек Таиров социалдык тармактарда дос болуп, ал эми материал чыккан соң, алар бири-бирине дос катары көрсөтүлбөй калганын белгилейбиз.

 

Белгилей кетсек, 2018-жылы жарыяланган жаңылыкта Токтобүбү Оргалча “ТОПФОРМ” компаниясынын директору катары көрсөтүлөт.

Учурда аталган компаниянын эки тең негиздөөчүсү катары Нурсланбек Балтабаев жана кытай жараны Ли Жун Сунь көрсөтүлгөн.

Ал эми “Достук Фарма” аттуу компаниянын номери  адвокат Марат Сейдылдаевге таандык. Ал 2015-жылы “Стилсофт Бишкек” компаниясына каршы соттук иште “ТОПФОРМду” жактап чыккан.

Оргалчанын үй-бүлөлүк бизнеси: “Коопсуз шаар” жана Кытай менен болгон байланыш
Марат Сейдылдаев, сүрөт: sputnik.kg

Компаниянын негиздөөчүлөрү Нурсланбек Балтабаев жана болжол менен кытайлык жаран Куэрбаньбувей Маймайти. Маймайти тууралуу маалымат ачык булактарда табылган жок.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты