Orda.kz басылмасы редакцияга чочконун башы жөнөтүлгөнүн билдирди

  • 1 год мурун

Казакстандагы Orda.kz басылмасы белгисиз бирөө «редакцияга чочконун башы салынган кутуча жөнөткөнүн» билдирди. Мындай кабар басылманын Telegraм-каналына 5-октябрь күнү кечинде чыкты.

«Белгисиз бирөө жашыруун түрдө жеке жеткирип берүү кызматынан пайдаланган. Жөнөтүлгөн жер катары Алматынын Алмалы районундагы турак жай комплекстердин бирин көрсөткөн. Кутучага чочконун башы салынып, анын оозунда биздин башкы редактор Гүлнар Бажкенованын атайылап жыртылган сүрөтү болгон» деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары Orda.kz акыркы кездери «редакциянын дарегине коркутуулар менен чагымчыл чабуулдар көбөйгөнүн» белгилеген.

«Басылманын сайтына кибер чабуулдар жасалып, редакция жайгашкан бизнес-борбордогу балдар аянтчасы менен тосмолорго зыян келтирилип, редакциянын терезелеринин астына коркутуу сөздөрүн жазып кетип жатышат»деп жазылган билдирүүдө.

Orda.kz’тин башкы редактору Гүлнар Бажкенова бул коркутууларды басылманын акыркы макалалары менен байланыштырууда.

«Эгер мага же жакындарыма бир нерсе болсо, анда ал – Нурсултан Назарбаев, биринчи президенттин фонду, «Жусан» компаниясы жана Алия Назарбаева тууралуу макалаларга байланыштуу. Мунун баары ошолордун буйрутмасы. Алар бир колу менен блогерлерди сатып алып, экинчиси менен бизди коркутуп жатышат»,деп жазды Бажкенова Telegram-каналына.

Азырынча билдирүүдө аты-жөнү аталган адамдар менен компаниялар бул айыптоо тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Orda.kz редакциясына чочконун башы жөнөтүлгөнү тууралуу кабар чыккандан кийин Казакстандын маалымат министри Дархан Кыдырали Facebook баракчасына билдирүү жазып, «Orda.kz басылмасынын ишине тоскоол болгон бул кырдаалга көз салып жатканын» билдирди.

«Биздин кесиптештерге карата жасалган мындай аракеттерди айыптайбыз. Ошондой эле биз Orda.kz редакциясына укуктук жактан жардам берүүгө даярбыз» деди Кыдырали.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун «Сөз эркиндигинин индексинде» Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга жайгашкан. Уюм өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалын оор деп баалайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты