Опузалап пара талап кылууга шектелип, Бишкек ШИИБнин кызматкерлери кармалды

  • 4 месяца мурун

Опузалап пара талап кылууга шектелип, Бишкек ШИИБнин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 160 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИБнин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын подполковниги К.Б.М., Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын майору А.А.Э., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган А.Э.Э. аттуу жаран кармалды.

Тергөөнүн жыйынтыгында жаранга кылмыш ишин козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен акча талап кылынгандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын кызматтык бөлмөлөрүндө пара катары алынган 80 миң сом суммасындагы акча каражаттарынын бир бөлүгү, ошондой эле 30 миң сомдон ашык суммадагы башка далилдер (жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан төлөнгөн чектер жана квитанциялар) табылып алынган. 2024-жылдын 3-апрелинде жогорудагы адамдар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК ИИМ жетекчилиги менен биргеликте Кыргыз Республикасында укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты