Опузалап пара талап кылганга шектелген блогер кармалды

  • 2 года мурун

Опузалап пара талап кылганга шектелген блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча Д.С. аттуу активдүү интернет-блогер кармалды.

«Кармалган блогер Д.С. социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган. 12-декабрда Д.С. 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты