Опузалап пара алууга шектелген Кара-Суу районунун сот аткаруучу кармалды

  • 7 месяцев мурун

Опузалап пара алууга шектелген Кара-Суу районунун сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1964-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.  «Анда 2023-жылдын 23-декабрынан тартып “С.” аттуу, Кара-Суу районунун сот аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү үчүн чектөөнү алып берем деп опузалап, пара талап кылып жаткандыгын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 11-январь күнү   жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында,  Жогорку Сотко караштуу сот департаментинин, Ош облусунун Кара-Суу райондук САКБнүн сот аткаруучусу, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси 1980-жылы туулган С.С. аттуу  жаран 20 000 ( жыйырма миң) сом  атайын белги коюлган  акча каражатын алып жаткан  жеринен кылмышка шектүү катары кармалган», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда Ош  облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты