“Оппозициялык журналисттерди сындап жазган аккаунт Рустам Жапаровго таандык”. Текшеребиз

Социалдык тармактарда Президент Садыр Жапаровдун  уулу Рустам Жапаров оппозициялык көз караштагы журналисттерди сындап жатканы тууралуу маалымат тарады. Бул тууралуу “Апрель ТВ” каналынын журналисти Канат Каниметов жана “24.kg” маалымат сайтынын журналисти Жазгуль Масалиева билдиришти.

“Оппозициялык журналисттерди сындап жазган аккаунт Рустам Жапаровго таандык”. Текшеребиз

ПолитКлиника медиасы Инстаграм аккаунттун Рустам Жапаров менен байланышын текшерип көрдү. 

«Рустам Жапаровдун саясатка аралашып жатканы туура эмес»

Рустам Жапаров Президент Садыр Жапаровдун экинчи уулу. ЖМКлардагы маалыматтарга ылайык, ал 2019-жылы үйлөнгөн. Азыркы учурда бир кызы бар. 

Буга чейин, Рустам Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Тавшиевдин уулу Тай-мурас Ташиев менен бирге 3-августта UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедовду тосуп алганы тууралуу видео жарыяланган. Анда, спорт чебери Хабиб Нурмагомедовду тосуу үчүн “той” өткөрүлгөнү бир топ сынга алынган. 

Кийинчерээк, алтынчы чакырылыштын депутаты Дастан Бекешев, Рустам Жапаровдун расмий эмес жыйындарды уюштуруп, саясатка аралашып жатканын айткан. 

“Жакшы жигит. Бирок ал атасынын жолун кыйратышы мүмкүн жана бул өкүнүчтүү. Анткени бизде мурунку эки президент ушундай кадамга барганда, кандай жыйынтык бергени тууралуу сабактар ​​бар. Бул үчүн президент өзү аны урушуп, токтотот деп ишенем. Бул өлкөгө да, анын үй-бүлөсүнө да эч кандай пайда алып келбейт”, — деп билдирген Бекешев.

Ошондой эле депутат, Рустам Жапаровдун саясатка аралашып, расмий эмес платформа түзүп жатканы кооптуу экенин белгилеген. 

Бирок, Президенттин Администрациясы бул маалыматты төгүндөп, чындыкка дал келбей турганын билдирген.  

Ал эми, Рустам Жапаровго тиешелүү деп айтылган @zhaparov01001 баракчасында 1815 катталуучу жана 8 билдирүү бар. 

“Оппозициялык журналисттерди сындап жазган аккаунт Рустам Жапаровго таандык”. Текшеребиз

Аталган билдирүүлөрдүн ичинен экөө динге байланыштуу болсо, калганы Президент Садыр Жапаровду колдогон материалдар. Ал эми өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү жарыяланган эмес. Ошондой эле аталган баракчага Садыр Жапаровду колдогон группалар, жакында эле “Мисс-Кыргызстан” сынагын жеңип чыккан Лаззат Жапарова жана башка Садыр Жапаровдун туугандары катталган. 

Мындан сырткары, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги буга чейин “Рустам Жапаров журналист Эламан Кармышаков тууралуу ой бөлүштү деген” маалымат жарыялаган. Анда, дал ушул  zhaparov01001 баракчасынан “Бул братан красавчик,  Настигает тех , байкуштар убегают от него постоянно» деп жазылганы жана аны Рустам Жапаров бөлүшкөнү айтылган. 

“Оппозициялык журналисттерди сындап жазган аккаунт Рустам Жапаровго таандык”. Текшеребиз

Рустам Жапаровго тиешелүү деп белгиленген Фейсбук баракчасында да Президент Садыр Жапаровду колдогон бир канча билдирүүлөр бөлүшүлгөн. 

“Оппозициялык журналисттерди сындап жазган аккаунт Рустам Жапаровго таандык”. Текшеребиз

Ошондой эле, Адахан Мадумаровду жана феминисттер кыймылын каралаган бир канча билдирүү жарыяланган. Мындан сырткары, аталган баракчага биринчи айым Айгүл Жапарова ( Айгуль Асанбаева), экономикалык кылмыштарга шектелип, кийин акталган Райкуль Жапарова жана башкалар да катталуу экенин көрүүгө болот.

“Оппозициялык журналисттерди сындап жазган аккаунт Рустам Жапаровго таандык”. Текшеребиз

Жыйынтык: Рустам Жапаровго тиешелүү деп эсептелген баракчада Садыр Жапаровду колдогон билдирүүлөр бөлүшүлгөнү чындык. Ошондой эле, жогорудагы фактыларга таянып баракчанын Рустам Жапаровго тиешелүү экенин аныктоого болот. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты