Оорукананын башчысы жумушка киргизүү үчүн пара алууга шектелип кармалды

  • 1 день мурун

Ош шаарынын №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Т.А.Э. аталган борборго кызматка орноштуруу үчүн көп суммадагы акча каражатын талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз сыйлык алуу» беренесинин негизинде иш козголуп, оорукананын башчысы 2-октябрда өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө кармалган. Шектүү канча сумма пара алганы тууралуу так маалымат берилген жок.

Учурда кармалган жаран кызматынан бошотулуп, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды. Ошондой эле бул кылмышка тийешелүү башка адамдарды аныкталып жаткандыгы белгилүү болду.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты