Оор жүк ташуучу унаалардын автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө чектөө коюлду

  • 1 месяц мурун

Кыргызстанда күндүн ысышынан улам оор жүк ташуучу унааларга 1-сентябрга чейин асфальт жолдорго чыгуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин берген маалыматында, абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгон учурда эртең мененки саат 10:00дон кечки саат 20:00го чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынат. Бул чектөө салынган жолдордун сапатын сактап, алардын талкаланышына жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин уланат.

Бул чектөө төмөнкү учурларда иштебей тургандыгы айтылды:

  • Жүргүнчү ташыган;
  • Гуманитардык жардамды ташыган;
  • Тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган,
  • Берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган,
  • Жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча).

Министрлик тартипти сактабаган айдоочуларга айып пулдар салынарын эскертти.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты