Ооганстандан 1,5 миң этникалык кыргыз көчүрүлүп келет

  • 2 года мурун

2024-жылга чейин Ооганстандан 1,5 миң этникалык кыргыз көчүрүлүп келет. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 15-июндагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул багыттагы иштерге 244 миллион 530 миң сом каралган. Анын 77 миллион 220 миң сомуна Ош облусунун Кашка-Суу айылында 30 турак жай курулат.

Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип, аларга үйлөр курула баштады.

2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийин бир нечеси Ооганстанга кайра кайтып кеткен эле.

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров Ооганстандагы этникалык кыргыздарды эки жылдын ичинде толугу менен көчүрүп келүү пландалып жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты