Ооганстан: мектептеги жардыруудан кеминде алты киши каза болгону кабарланды

  • 2 года мурун

Ооганстандын Кабул шаарында хазар тектүү шииттердин конушундагы эркек балдардын мектебинде болгон бир нече жардыруудан кеминде алты киши каза таап, 11и жараат алды. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосу Кабулдун полиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Халид Задрандын маалыматына таянып жазды.

Жарылуудан жабыркагандардын арасында балдар бар экени кабарланууда. Бирок алардын саны так белгисиз.

Задрандын айтымында, жарылуу 19-апрелде Кабулдун батышындагы Дашти-Барчи конушундагы Абдул Рахим Шахид атындагы жогорку класстын окуучулары билим алган мектепте болгон.

DPA жаңылыктар агенттиги мектепте граната жарылганын жазып жатат. Күбөлөрдүн айтымында, окуя окуучулар эртең мененки сабактарынан чыгып келе жатканда болгон.

Азырынча жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек. Буга чейин хазарлар байырлаган бул аймакты «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери бутага алып келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты