Онлайнга оогон соода: санариптешүүнүн кыргызстандык базарчы аялдарга тийгизген таасири
- 1 неделя мурун
- Аналитика
Дүйнө жүзүндө интернет аркылуу сатып алуулар тездик менен өсүп, күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып баратат. Алсак, 2025-жылы ар бир үчүнчү адам онлайн форматта соода кылган. Интернет жеткиликтүүлүгү дээрлик 98%га жеткен Кыргызстанда да бул тенденция байкалат. Бирок бир убактарда экономикасынын өзөгү базарларга таянган өлкө үчүн бул өзгөрүү эмнени билдирет? Айрыкча, өткөөл доордо бул системанын кыймылдаткыч күчү болгон соодагер аялдарга сооданын онлайн форматка ооп жатканы кандай таасир этүүдө?
Тарыхый контекст: Базар — тиричиликтин тиреги
Кыргызстанда базарлар өлкө экономикасынын маанилүү бөлүгүнүн бири болуп саналат. Советтер Союзу тарагандан кийин мамлекеттик ишканалардын көбү жабылып, жумушсуздук көбөйгөн учурда базарлар эл үчүн негизги киреше булагына айланган. Ошондон бери бул система сакталып, бүгүнкү күндө да миңдеген адамдар базар аркылуу жан багат.
Кыргызстанда азыркы күндө ар түрдүү көлөмдөгү 315 базар бар. Алардын ичинен “Дордой”, “Ош” жана “Кара-Суу” базарлары ирилери болуп саналат.
Базарлардын Кыргызстандын турмушундагы ордун жакшы чагылдырган мисалдардын бири — Бишкектеги “Дордой” базары.
“Дордой” 1990-жылдардын башында, Советтер Союзу тарагандан кийин жөнөкөй “барахолка” катары пайда болгон. Алгач адамдар бош жерге чыгып, өз буюмдарын же сырттан алып келген товарларын сатышкан. Убакыттын өтүшү менен бул чакан соода аянтчасы кеңейип, контейнерлер орнотулуп, инфраструктурасы калыптанган бүгүнкүдөй ири базарга айланган.
Бүгүнкү күндө “Дордой” — Борбор Азиядагы кийим-кече жана буюм-тайымдар дүңүнөн жана чекене сатылган эң ири базар. Анын аянты 100 гектарды түзүп, 55 миңден ашуун жумуш орду бар. Ал эми жылдык товар жүгүртүү 6 миллиард долларга чейин жетип, өлкө экономикасы үчүн маанилүү болуп эсептелет.
Ошондой эле, Дордой реэкспорттук хаб катары дагы белгилүү. Соодагерлер Кытай, Түркия жана башка өлкөлөрдөн товар сатып келип, кайра Орусия, Казакстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнө сатышат.
Эң кызыгы — “Дордой” сыяктуу базарлардын эл аралык деңгээлге чыгып, реэкспорттук хабга айлануусунда аялдардын ролу чоң болгон. “Челнок соодагерлери” деген ат менен белгилүү чаар баштык көтөрүнгөн аялдар эгемендиктин алгачкы жылдарында Кытай, Түркия, Индия сыяктуу өлкөлөрдөн товар алып келип, аларды кайра КМШ мамлекеттерине сатып турушкан. Бул Кыргызстандагы соода айланууну жаңы деңгээлге чыгарып, азыркы ири базарлардын пайдубалын түптөгөн.
“Дордой” базарынын кире беришиндеги чаар баштыктарды ташыган аялдардын эстелиги алардын базарлардын тарыхында орду канчалык чоң экенин көрсөтөт.

Өз кезегинде “Дордой” базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков дагы чаар баштык көтөргөн “челнок соодагерлеринин” базардын түптөлүшүндө жана өлкө экономикасынын турукташуусунда орду эбегейсиз болгонун белгилеп өткөн:
“Челноктор, анын ичинде аял соодагерлер мурдагы Колдонуучулар биримдиги, Соода министрлиги жасабаган иштерди жасаган. Ушул жерде Борбор Азиядагы эң чоң базарды түптөп берип, Кыргызстанга миңдеген жумушчу орунун түзүү менен экономиканы сактап калган”.
Эл аралык изилдөөлөр дагы соода тармагынын эгемендүү Кыргызстандын экономикасында орду чоң болгонун жана бул тармакта аялдар басымдуулук кылганын көрсөтөт. Алсак, 2000-жылдардын башында Кыргызстанда дүң жана чекене соода-сатык өлкөдөгү жалпы ишканалардын дээрлик жарымын түзсө, бул тармактагы ишкерлердин 60%дан ашыгы аялдар болгон.
Умсун: Өткөөл доордун жүзү
Ошол аялдардын бири — Умсун. Ал кесиби боюнча силикат материалдарынын инженер-технологу, 1993-жылы Москвадагы Менделеев атындагы институтту аяктаган. Бирок Умсун окуусун аяктаган маалда инженердик кесип боюнча жумуш табуу дээрлик мүмкүн эмес болуп калган эле. Заводдордо иш токтоп, жумушсуздук кескин өскөн шартта жаш адис акча табуунун жана жан багуунун жалгыз жолу катары сооданы тандаган. Ал алгач Кыргызстан аркылуу Кытайдан келген сүлгүлөрдү ташып, Москванын “Черкизов” базарында сата баштаган.
“Биз окууну бүткөн маалда заман өзгөрүп кеткен эле. Өлкөдө жумушсуздук күчөп, кесибим боюнча иштей алган жокмун. Ошол убактарда мен сыяктуу жаш кыздар менен келиндер жапырт соодага кире баштадык. Ал жылдары алгач Кыргызстандан Москвага товар ташып иштеп жүрдүм. Кийинчерээк кытайлык соодагерлер менен келишип, товарды Кытайдан түз алдыра баштадым», — деп эскерет ал.
Умсундун айтымында, аялдардын “челнок” катары соодага жапырт киришинин дагы башка бир себеби ошол учурдагы Казакстан жана Орусиянын бажы жана миграция саясаты эркектерге салыштырмалуу аялдарга карата бир аз жеңил болгонунда.
«Бишкектен Москвага каттаган поезддерде чаар-ала баштыктарды көтөргөндөрдүн дээрлик бардыгы аялдар эле. Анткени эркек мигранттарга караганда бизге кысым азыраак болчу. Ошол учурларда Бишкек-Москва поездине Бангладештин поезддеринен бешбетер товар жүктөлчү. Кытайдын рулондоп оролгон кездемелери ачык-чачык үйүлүп жатса, биз аларды Москвадан тосуп алып, базарларга ташычубуз», — деп эскерет Умсун.
Анын бул эскерүүлөрү кыргыз коомунун кызыктуу парадоксун ачып берет: коом канчалык салттуу жана патриархалдуу болбосун, соода тармагы аялдардын үнү бийик чыккан, алар басымдуулук кылган чөйрө болуп калды. Умсун сыяктуу “челнок соодагерлери” баштаган бул жол бүгүнкү күндө дагы аялдар үчүн жеткиликтүү жана кеңири тараган экономикалык платформа бойдон калууда. Алсак, 2023-жылы өлкөдө иштеген дээрлик ар бир алтынчы аял дал ушул соода тармагында эмгектенет. Бул билим берүү жана айыл чарбасынан кийинки эле аялдар арасындагы эң популярдуу үчүнчү тармак.
Ошол эле учурда соода аялдардын лидерлик мүмкүнчүлүгүн ачкан сейрек тармактардын бири. Эгер өлкөдөгү жалпы ишканалардын 30%ын гана аялдар жетектесе, соода секторунда бул көрсөткүч 50%га жетет.
Анткен менен, соода тобокелчилиги жогору тармак. Мында ишкердин эмгегинен тышкары, андан көз каранды болбогон мамлекеттик саясат жана геосаясий жагдайлар чечүүчү ролду ойнойт. Умсун муну өз жон териси менен сезген. Анын соодасы гүлдөп, ири масштабга чыгып калган кезде Орусиянын күч түзүмдөрүнүн «кылтагына» илинип, миллиондогон зыянга учураган. Дал ушундай сокку анын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө себеп болгон.
«Кытайлар менен түз иштешип, чоң соода жүгүртүүгө чыгып калган элек. Бирок 2002-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) келип, кампадагы 500 миң долларлык товарымды конфискациялап койду. Эч кандай документти карабай, “салык төлөгөн эмессиң” деген шылтоо менен баарын тартып алышты. Ошондо көптөгөн чет элдик соодагерлер банкрот болуп, атүгүл асынып алгандар дагы болду. Мен да баарын жоготтум. Ошондо Орусияны жыйыштырып, мекенге кайтууну чечтим”, — деп эскерет ал.
Кыргызстанга кайтып келген соң Умсун бир канча жыл сооданын башка багыты боюнча ишкердик менен алектенип, кийин кайра эле базарга кайтып келген. Ал азыр “Дордой” базарында иштеп, Кытай менен Казакстандын чек арасында жайгашкан “Хоргос” соода-логистикалык борборунан аялдардын жана эркектердин кийимин алып келип сатат.
«Дордойдун» солгундашы: Геосаясат жана санариптик атаандаштык
Жогоруда белгиленгендей, “Дордой” базары көп жылдар бою он миңдеген адамдар үчүн киреше булагы болуп келген. Бирок акыркы жылдары базарда соода жайлап, мурдагыдай кирешелүү болбой калганын айтышат соодагерлер. Мындай пикирдегилердин бири — Айзат* (*аты өзгөртүлдү). Ал дагы кесиби боюнча инженер-технолог. Бирок 30 жылдан ашык убактан бери соода тармагында эмгектенип келет. Алгач азык-түлүк дүкөнүн иштетсе, акыркы 10 жылдан бери Кытайдын Гуанчжоу шаарынан аялдардын кийимин алып келип, “Дордой” базарында сатат.
“Мен кесибим боюнча инженер-технологмун. Бул кесипте жалпы үч жыл иштеп, кийин соодага өтүп кеттим. Себеби, билесиңер да, 90-жылдары заводдордо жумуш токтогон. Ошол убакта аргасыздан үй-бүлө багуу үчүн соода менен алектене баштадым. Анткени соодада айлыкка караганда акча көбүрөөк жана финансылык эркиндик берет”.
Бирок ошого карабай Айзат акыркы 3-4 жылда базарда соода кыйла жайлап калганын айтат. Ал буга геосаясат жана санариптешүү себеп болуп жатат деген пикирде:
“Мурда Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Тажикстандан соодагерлер бизге келип, дүңүнөн товар кылып кетишчү. Азыр Казакстан менен Өзбекстан Кытайга визасыз режим киргизип, алар бизди аттап өтүп, түз эле Кытайга каттап калышты. Эми биз товарды региондорго эле сатып, ички рынок менен чектелүүдөбүз. Ага кошумча азыр онлайн соода өнүгүп, элдер үйдө отуруп эле АКШдан же Кытайдан каалаган нерсесин буюртма кылып жатат. Онлайндын таасири биздин сооданы кыйла жайлатты. Ага карабай, “такыр жок” дебей, иштеп жатабыз. Ушуга да шүгүр кылыш керек”, — дейт Айзат.
Бул пикирге биринчи каарманыбыз Умсун дагы кошулат. Ал “Дордойдо” соода солгундап калгандыктан бул жердеги түйүнүн жаап, Кытайга кетүүнү пландап жатканын билдирди:
“Акыркы бир айдан бери соода такыр эле болгон жок. Жөн эле кароолчу болуп отурабыз. Ошого эми Кытайга кетейин деп жатам. Ал жактан заводдор менен түз иштешип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сынап көрөм”.Белгилей кетсек, 2023-жылы Казакстан, ал эми 2025-жылы Өзбекстан Кытай менен визасыз режим киргизген. Натыйжада, коңшу өлкөлөрдүн соодагерлери Кытайга түз чыгып, товарды ортомчусуз сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул өз кезегинде Кыргызстандагы реэкспорт менен алектенген соодагерлердин ишине таасирин тийгизе баштады. Мунун фонунда сооданын онлайн форматка өтүшү да күч алып, базардагы соодагерлер үчүн жаңы атаандаштык жана чакырыктарды жаратууда.
Жаңы доордун чакырыгы: Онлайнга оогон соода-сатык
Жогоруда айтылгандай, базарда иштегендердин соодасына геосаясий чечимдер жана санариптешүү кош сокку урууда. Эгер геосаясий факторлордун негизинде коңшу өлкөлөрдөн келген сатып алуучулардын агымы азайып жатса, технологиялык өнүгүү менен келген санариптешүү кыргызстандык соодагерлерге дүйнөлүк деңгээлдеги ири атаандаштарды сунууда. Себеби, кыргызстандыктардын арасында кеңири тараган онлайн-сатып алуу платформалары — кытайлык жана орусиялык маркетплейстер.Мобилдик тиркемелердин аналитикасын жүргүзгөн Appfigures платформасынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда сатып алуулар категориясы боюнча эң көп жүктөлгөн тиркеме — Кытайдын TEMU маркетплейси. iOS жана Андроид колдонуучулары арасында эң көп жүктөлгөн он тиркеменин ичинде экөө кытайлык, дагы экөө орусиялык маркетплейстер.

Мурда базардагы соодагерлердин атаандашы коңшу контейнерлер болсо, эми алар глобалдык гиганттар менен бет келишүүдө. Мындай шартта замандын талабына ылайык салттуу соодагерлер дагы санарип инструменттерди колдонууну үйрөнүп, жаңы реалдуулукка адаптация болуусу шарт. Бирок бул жаатта олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын моюнга алышат айрым соодагерлер.
Орусияда 15 жыл миграцияда жүрүп кайтып келген Назгүл бир жылдан бери “Дордойдо” чакан контейнер иштетет. Ал замандын талабына ылайык товарларын Инстаграм аркылуу сатууга аракет кылып көргөн, бирок санариптик көндүмдөрү жетишсиз болгондуктан бул аракети ийгиликсиз болгонун айтат.
“Азыр кыздар Инстаграм аркылуу сатышат экен. Мен дагы баракча ачып, сатканга аракет кылып көрдүм, бирок телефонду жакшы түшүнбөгөндүктөн, андан майнап чыккан жок. Соцтармакта иштөө үчүн дагы өзүнчө көндүм керек окшойт”, — дейт ал.
Назгүл үчүн экинчи чоң тоскоолдук окутуулардын жеткиликсиздиги болууда. Ал маркетплейстерди өздөштүрүү каалоосу болгону менен, окутуулардын баасы өтө жогору экенин белгилейт:
“Wildberries’ке (орусиялык маркетплейс — ред.) кызыгып көрдүм. Бирок анда иштегенди үйрөткөндөр 200 миң сомдон 1 миллион сомго чейин сурашат экен. Эч ким бекер үйрөтпөсүн түшүнөм, бирок бул мен үчүн өтө кымбат ресурс. Анын үстүнө окуп алгандан кийин ишти ийгиликтүү алып кете албай калуу тобокелчилиги дагы бар”.
Учурда базардагы соодасы ижара акысы менен күнүмдүк тамак-ашынан ашпаган Назгүл бул тармактан биротоло кетип, башка жумуш издөө тууралуу ойлоно баштаганын кошумчалап өттү.
Анткен менен технологиялык өнүгүүлөрдүн артында келген жаңычылдыкка бат көнүп, аны мүмкүнчүлүк катары колдонуп кеткен соодагерлер да жок эмес. Алардын бири — Гулера. Анын жашоосу бала кезинен базар менен тыгыз байланышта. Жаштайынан базарда иштеген апасына жардам берип чоңойгон Гулера 18 жашка толору менен Орусиянын борбору Москвага жол алып, ал жерде өз алдынча соода менен алектене баштаган. Москвадагы ири базарлардын биринде Кыргызстанда тигилген кийимдерди саткан Гулера үчүн 2020-жылдагы пандемия бурулуш учуру болгон.
«Пандемияда базарлар жабылып, кардар келбей калды. Бирок соода болбосо да, ижара акысын төлөөгө туура келди. Ошондо ойлонуп отуруп, Wildberries маркетплейсине катталып, товарларымды онлайн сата баштадым», — дейт ал.
Көп өтпөй Гулера онлайн соодада мүмкүнчүлүктөр көп экенин түшүнүп, базардагы соода түйүнүн биротоло жаап, толугу менен маркетплейске өткөн. Бүгүн ал платформадагы тренддерди байкап, суроо-талапка жараша каалаган товарды сата алган ийгиликтүү санариптик ишкер.
Гулеранын мисалы санариптешүү соодагерлерге чакырыктар менен катар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү дагы сунуп жатканын көрсөтөт. “Курак” Аялдар форумунун башкармалыгынын төрайымы Назгүл Жаныбаева бул өткөөл мезгилдин эки тараптуу мүнөзүн — анын бизнести туруксуздаштыруучу жактарын жана ошол эле учурда сунуштаган жаңы мүмкүнчүлүктөрүн мындайча сүрөттөйт:
“Башында көпчүлүк аялдар үчүн бул стресс болду. Мурда туруктуу кардар, жакшы жай, сапаттуу товар жетиштүү эле. Азыр болсо Инстаграмы жана онлайн төлөмү жок ишкер артта калууда. Бирок ошол эле учурда мүмкүнчүлүк да ачылды. Региондогу айым Бишкекке барбай эле товарын бүт өлкөгө саткан учурларды көрүп жатабыз. Онлайн соода айрымдарына ижара акысын үнөмдөөгө, убакытты туура бөлүштүрүүгө жардам берди”, — дейт Жаныбаева.
Жаңы реалдуулукка адаптациядагы кыйынчылыктар
Гулера негизги иши менен кошо бир канча жылдан бери орусиялык жана жергиликтүү маркетплейстерге чыгып, онлайн соода кылам дегендерге, анын ичинде салттуу соодада жана жеңил өнөр жайында иштегендер менен өзүнүн тажрыйбасын бөлүшүп келет. Анын айтымында, санариптик сооданы өздөштүрүүгө умтулгандардын 90%ын аялдар түзөт. Бирок Гулера каарманыбыз Назгүлдүн кооптонууларын тастыктап, окуудан өткөндөрдүн баары эле бул тармакты алып кете албастыгын ачык айтат. Мунун башкы себеби — санариптик көндүмдөрдүн жоктугу же өтө начардыгы.
«Мисалы, бир тайпада он адам окуса, анын төртөө гана ишти улантып кетет. Калгандары ноутбукту колдоно албай кыйналышат. Ал эми маркетплейстерде ноутбук менен иштөө — негизги талап. Ошондой эле, онлайн соодада эрежелер менен тренддер күн сайын өзгөрүп турат. Андан артта калбоо үчүн тынымсыз билим алып туруш керек. А окутуулар акысыз эмес, демек, финансылык ресурс дагы маанилүү», — дейт Гулера.
Мындай шартта салттуу соодагерлер үчүн адаптация болуунун жеткиликтүү жана жеңилирээк жолу социалдык тармактар менен мессенджерлерди (WhatsApp, Instagram, Telegram ж.б.) колдонуу болууда. Дүйнөлүк банк билдиргендей, Борбор Азия чөлкөмүндө электрондук сооданын негизги каналы адистештирилген платформалар эмес, дал ушул социалдык жана формалдуу эмес e-commerce.
Бирок сооданын жаңы куралына айланган смартфондордун жеткиликтүү болушу автоматтык түрдө ийгиликти кепилдебейт. Экономист Искендер Шаршеев салттуу соодагерлердин санариптик доорго адаптация болуусундагы тоскоолдуктарды үч негизги топко бөлүп карайт:
“Салттуу соодагерлердин санариптешүүгө адаптация болуусунда үч негизги тоскоолдук бар. Биринчиден, санарип көндүмдөрдүн жетишсиздиги: телефондо товарды сүрөткө туура тартып, каталог түзүү, жарнама берүү, буюртма кабыл алуу сыяктуу иштер көптөр үчүн кыйын болушу мүмкүн. Экинчиден, каржы жана уюштуруу жагы: телефон, интернет, таңгактоо, жеткирип берүү, кардардын товарды кайтаруусу кошумча чыгым жана түйшүк болуп сезилет. Үчүнчүдөн, алдамчылыкка кабылуу коркунуу же “мен муну үйрөнө албайм” деген ишенимсиздик, соцтармактар аркылуу эл алдына чыгуудан уялуу сыяктуу психологиялык тоскоолдуктар дагы артка тартат”, — дейт эксперт.
Шаршеев бул тоскоолдуктардан өтүү үчүн соодагерлерге куру сөз менен эмес, реалдуу жардам керек деген пикирде. Анын айтымында, практикалык окутуулар менен бирге онлайн сатуунун чарбалык иштерин жеңилдетүү зарыл.
«Мисалы, практикага негизделген кыска мөөнөттүү окутуулар уюштурулуп, телефонго товарды тартуу, ага кызыктуу сүрөттөмө жазуу, баа коюу жана кардар менен сүйлөшүү сыяктуу так көндүмдөр үйрөтүлсө, натыйжасы тез болот деп ойлойм. Ошол эле учурда базардын ичинде интернет маселесин чечип, товарды таңгактоо жана жеткирүү кызматтарын жөнөкөйлөтүү керек. Эң башкысы — коопсуздук жана ишеним: алдамчылардан кантип сактанууну үйрөтүп, ийгиликке жеткен соодагерлердин үлгүсүн көрсөтсө, жаңы шартка көнүү психологиялык жактан да жеңилдейт», — деп кошумчалайт Шаршеев. Ал эми Назгүл Жаныбаева адаптация үчүн техникалык окутуулар жетишсиз экенин, бул жерде коомдук кабыл алуу чечүүчү роль ойноорун белгилейт.
“Онлайнда иштеген аялдарды “жөн эле телефондо отурат” деп кабылдаган учурлар аз эмес. Бул жерде аларды кадимки ишкер катары кабылдоо маанилүү”, — дейт Жаныбаева.
Өз кезегинде “Курак” Аялдар форуму соодагер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырып келет. Мисалы, атайын окутуулардын алкагында чек арага жакын райондордо иштеген 300дөн ашык «челнокчу” соодагер аял смартфонду жөн эле байланыш эмес, сатуу инструменти катары колдонууну үйрөнүшкөн.
Атайын салык режими: мамлекет кандай чараларды көрүүдө?
Мамлекеттик деңгээлде электрондук соода экономикалык өнүгүүгө импульс берген жана андагы олуттуу структуралык өзгөрүүлөргө себеп болгон тармак катары каралууда. 2025-жылы ички электрондук соода рыногу 525 миллион долларга жетип, андан мурунку жылга салыштырмалуу 15% өскөн.
Бул багыттагы укуктук негизди түзүү максатында 2021-жылы “Электрондук соода жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле, Министрлер кабинети 2023-2026-жылдарга карата электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча атайын программаны бекиткен. Документте аялдарды жана жаштарды санариптик ишкердикке окутуу, региондук инкубаторлорду ачуу жана Электрондук коммерция паркын түзүү сыяктуу дымактуу максаттар коюлган.
Бирок программанын мөөнөтү аяктап баратканына карабастан, анын натыйжалары Назгүл сыяктуу катардагы соодагерлерге канчалык деңгээлде таасир эткени ачык суроо бойдон калууда. Электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Куренкеев белгилегендей, мамлекет тарабынан сунушталган негизги жеңилдик — бул электрондук коммерция субъекттери үчүн киргизилген атайын салык режими. Ага ылайык, ишкерлер жалпы айлануудан 2% салык төлөп, кошумча нарк салыгынан, сатуудан алынуучу жана пайдага салыктан бошотулат.
Анткен менен Куренкеев аталган атайын салык режимин колдонуу үчүн коюлган 100% накталай эмес төлөмгө өтүү талабы көпчүлүк үчүн оор болуп жатканын белгилейт.
«Бирок бул салык режимин колдонуу үчүн 100% накталай эмес төлөмгө өтүү керек. Кыргызстандын реалдуулугунда бул талапты аткаруу көпчүлүк соодагерлер үчүн оор», — дейт Куренкеев.
Ал эми глобалдык платформалардын жергиликтүү ишкерлерге жараткан атаандаштыгы Жогорку Кеңеште талкуулана баштады. Ушул жылдын 21-апрелинде парламенттин Финансы жана бюджет боюнча комитети “Атаандаштык” жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Бул мыйзам долбоорунда монополияга каршы саясатты санариптик экономикага адаптация кылуу маселеси дагы каралган.
Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар мыйзамдар санариптик экономиканынын заманбап реалдуулугуна жараша иштелип чыгышы керек экенин жана Wildberries жана Temu сыяктуу ири соода платформаларынын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтышты.
Эл өкүлдөрү глобалдык маркетплейстердин иши жергиликтүү ишканалардын укугун чектебеши керектигин, ал эми бирдей шарттарды түзүү жана адилетсиз атаандаштыкка каршы күрөшүү жаңы монополияга каршы саясаттын артыкчылыктуу багыттары болорун белгилешти.
Автор: Чынаргүл Жумабекова
Бул материал «Аялдар, укук жана өнүгүү боюнча Азия-Тынч океан форумунун» (APWLD) «Санариптешүү, феминисттик санариптик укуктар менен адилеттүүлүк» медиастипендиясынын алкагында даярдалды.




