Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Омар Султанов Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты