Олжобай Шакир Жогорку сотко апелляциялык арыз берди

  • 1 месяц мурун

5-августта жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга абакка кескен Аламүдүн райондук сотунун чечимине, ошондой эле аны күчүнө калтырган Чүй облусттук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу «Азаттык» медиасы жазуучунун адвокаты Бакытбек Автандил уулуна шилтеме кылып, жазып чыкты.

14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталып, 2023-жылы 23-августта кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козголгон эле.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты