Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 миллион сом сый акы берүү сунушталды

  • 2 года мурун

Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 миллион сом сый акы берүү сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун Нурбек Сыдыгалиев, Мирлан Самыйкожо, Шайлообек Атазов, Русланбек Жакышов, Тазабек Икрамов, Нурланбек Азыгалиев, Эмил Жамгырчиев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Фархад Исмаилов, Гүлшаркан Култаева, Алишер Козуев, Бахридин Шабазов тарабынан демилгеленген.

Ушундай эле аталышта дагы бир мыйзам долбоору Жусупбек Коргонбай уулу, Шайлообек Атазов, Шаирбек Ташиев тарабынан сунушталган.

Биринчи мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Нурбек Сыдыгалиев: “Долбоор аркылуу чемпиондор жана байге ээлери үчүн сыйлыктардын суммаларын, ошондой эле машыктыруучуларга жана врачтарга бөлүштүрүлүүчү сыйлыктардын жана пайыздардын көлөмүн бир жолку акчалай сыйлыктардын мурдагы төлөмүнөн кем эмес белгилөө сунушталууда”, – деди.

Ал эми экинчи мыйзам долбоору боюнча маалымат берген Жусупбек Коргонбай уулу долбоор аркылуу берилүүчү сыйлыктардын суммасы көрсөтүлүп жатканын билдирди. Тагыраагы, Олимпиадалык, Паралимпиадалык жана Азиялык оюндарында алтын медаль алгандарга 10 миллион сом, күмүш медаль алгандарга 7 миллион сом, коло медаль алгандарга 5 миллион сом берүү сунушталууда. Андан тышкары, спортчунун акчалай сыйакысынын суммасынан башкы машыктыруучуга – 30 пайыз, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25 пайыз, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге – 10 пайыз өлчөмүндөгү бир жолку сыйакылар белгиленген.

Талкуу маалында депутат Максатбек Сарбагышев спортчулардын чет өлкөгө чыгып, мелдештерге катышуусуна керектүү каржылык колдоо боюнча да беренени мыйзамда камтый кетүү сунушун берсе, депутат Аида Исатбек кызы каржынын убагында бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу спортчулар эл аралык таймаштарга катыша албай калып жатканын сынга алды.

Ал эми депутат Медербек Алиев кылмыш ишине аралашкан спортчулар көп болуп жатканын жүйө келтирип, бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды. Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Жаныбек Абиров кылмыш иштерине аралашкан спортчуларды бардык наамдарынан ажыратуу маселесин кароону сунуштады. Ошондой эле жыйында депутаттар сунушталган мыйзам долбоорлорун бириктирүү керектигин айтышып, концепциясын жактырышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты