Олимпиада күндөлүгү: Жөө күлүк Сардана Трофимова 14-болуп келди

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-августта, Париж Олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова 42,2 чакырым келген марафон жарышына чыгып, 14-болуп келди. Трофимова 2:26:47 жыйынтыгы менен келип, Кыргызстандын рекордун койду.

Марафон жарышына 91 жөө күлүктүн төртөө жарыштан четтеди, Сардана Трофимова 87 жөө күлүктүн 14-сү болуп келди.

Бүгүн эркин күрөш боюнча Айпери Медет кызы да таймашка чыгат.

Кыргызстандын курама командасында Париж Олимпиадасында 2 күмүш, 4 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова  менен Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова жеңип алышты. 

Олимп оюндары бүгүн, 11-августта, жыйынтыкталат.

Сүрөттө: Сардана Трофимова чуркап бара жатат. 11-август 2024. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты