Олимпиада күндөлүгү: Үзүр Жузупбеков коло медаль алды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 7-августтан 8-августка караган түнү Францияда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков 97 килограмм салмак ченинде коло медаль үчүн египеттик Мохамед Габр менен беттешип, аны 2:1 эсебинде утуп алды.

Үзүр Жузупбековдун бул жеңиши Париж Олимипиадасындагы Кыргызстандын үчүнчү коло медалы жана сан жагынан алганда төртүнчү медалы болуп калды.

Анын алдында Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта коло медаль үчүн күрөшүп, атаандашы азербайжандык балбан Сенан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди.

Жоламан Шаршенбеков 6-августтан 7-августка караган түнү коло медаль алды. Ал 3:1 эсебинде ирандык атаандашы Мехди Мохсеннежадды жеңди.   

7-августта Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашып, 3:0 эсебинде, күмүш медалга татыктуу болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты