Олимпиада күндөлүгү: Сардана Трофимова жарышка чыкты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-августта. Париж Олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова 42,2 чакырым келген марафон жарышына чыкты. 24-чакырымдан кийин ал 3-катарда чуркап бара жатат.

Бүгүн эркин күрөш боюнча Айпери Медет кызы да таймашка чыгат.

Кыргызстандын курама командасында Париж Олимпиадасында 2 күмүш, 4 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова  менен Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова жеңип алышты. 

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созулган Олимпиада оюндары ачылды. Олимп оюндары бүгүн, 11-августта жыйынтыкталат.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөттө: Сардана Трофимова жарышта. 11-август 2024. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты