Олимпиада күндөлүгү: Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 3-августта, Париж Олимпиадасында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг салмакта) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашып, жарым финалга чыкты. Кийинки жарым финал 8-августта, финал 10-августта өтөт.

Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга чыккан.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөттө: Мунарбек Сейитбек уулу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты