Олимпиада күндөлүгү: Мээрим Жуманазарова күмүш медалга татыктуу болду

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 7-августта, Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашып, 3:0 эсебинде, күмүш медалга татыктуу болду.

Мээрим Жуманазарованын күмүш медалы Париж Олимпиадасындагы экинчи медаль, буга чейин Жоламан Шаршенбеков коло медаль алган.

Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен жеңип, финалга чыкты.

Мээрим Жуманазарова чейрек финалда күчтүү делген атаандашы Нонока Озакини акыркы көз ирмемде 8:6 менен утуп, жарым финалга чыкса, 1/8 финалда биринчи атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде жеңген.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты