Олимпиада күндөлүгү: Кыргызстандык беш спортчу таймашка чыгат

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 10-августта, кыргызстандык беш спортчу эркин күрөш жана бокс боюнча медаль үчүн таймашка чыгат.

Айаал Лазарев коло медаль үчүн канадалык спортчу Амарвир Деси менен таймашат.

 Эрназар Акматалиев коло медаль үчүн Венгриядан келген Исмаил Масукаев менен беттешет.  

Айпери Медет кызы кытайлык Ван Цзюань менен беттешке чыгат.

Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн ат салышат, анын атаандашы азыр белгилүү боло элек.

Ал эми 11-августка караган түнү мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Абдумалик Залоков менен беттешет.  

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөттө: Айпери Медет кызы. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты