Олимпиада күндөлүгү: Эрназар Акматалиев жеңилип калды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 10-августта, Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев 65 килогармм салмак ченинде Венгриядан келген Исмаил Мусукаев менен таймашка чыгып, 11:0 эсебинде жеңилип калды.

Эми Исмаил Мусукаев финалга чыкса, Эрназар Акматалиев коло медаль үчүн күрөшкө чыга алат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөттө: Эрназар Акматалиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты