Олимпиада күндөлүгү: Бүгүн кыргызстандык эки спортчу таймаштарга чыгат

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-августта, Париж шаарындагы Олимпиада оюндарында кыргызстандык эки спортчу — жөө күлүк Сардана Трофимова жана эркин күрөш боюнча Айпери Медет кызы ат салышат.

Эркин күрөш боюнча 76 килограммга чейинки салмак ченинде Айпери Медет кызы коло медаль үчүн таймашат, ал эми жөө күлүк Сардана Трофимова жарышка чыгат.  

Аялдар арасында жарыш Бишкек убактысы боюнча саат 12:00 дө чыгат.Сардана Трофимова чуркайт. Айпери Медет кызы коло медаль үчүн саат 15:00дөгү беттешке мөрөй талашат.   

Кечээ, 10-августта, кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы жарым финалда америкалык спортчу Кеннеди Блейдс менен беттешке чыгып, 6:8 эсебинде утулуп калды. Бүгүн Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт.

Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында 76 килограмм салмак ченинде 1/ 8 финалында индиялык спортчу Ритика Худаны 1:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Буга чейин ал кытайлык спортчу Ван Цзюанды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Кечээ Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында күмүш медаль жеңип алды, ал эми Айсулуу Тыныбекова коло медалга татыктуу болду.

Ошону менен Кыргызстандын курама командасында азырынча Париж Олимпиадасында 2 күмүш, 4 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова  менен Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова жеңип алышты. 

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды Олимп оюндары бүгүн, 11-августта жыйынтыкталат.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөттө: Сардана Трофимова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты