Олимпиада күндөлүгү:  Амантур Исмаилов чейрек финалда жеңилип калды  

  • 1 месяц мурун

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча Амантур Исмаилов чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовго 7:6 эсебинде жеңилип калды.

Эгер Насибов финалга чыкса, Исмаилов коло медаль үчүн күрөшөт. Мелдеш 8-августта Бишкек убактысы боюнча саат 22:15 те түз эфирде көрсөтүлөт.

Амантур Исмаилов алгачкы беттешинде грузиялык атаандашы Рамаз Зоидзе менен беттешке чыгып, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, чейрек финалга чыккан.

Бүгүн, 7-августта кечинде, Үзүр Жузупбеков коло медаль үчүн таймашат. Жузупбеков коло медаль үчүн америкалык Жозеф Петрик Рау менен чыгат.

Жоламан Шаршенбеков 6-августтан 7-августка караган түнү коло медаль алды. Ал 3:1 эсебинде ирандык атаандашы Мехди Мохсеннежадды жеңди.   

7-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип, күмүш медалга татыктуу болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты