Олимпиада күндөлүгү: Амантур Исмаилов атаандашын 12:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңди

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 7-августта, Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча Амантур Исмаилов алгачкы беттешинде грузиялык атаандашы Рамаз Зоидзе менен беттешке чыгып, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Амантур Исмаилов чейрек финалга чыкты.

Грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмакта Амантур Исмаилов 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзе менен беттешет.  Анын атаандашы Зоидзе- Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, жаштар арасындагы мелдеште дүйнөнүн эки жолку чемпиону.

Бүгүн, 7-августта кечинде Үзүр Жузупбеков коло медаль үчүн таймашат.

Үзүр Жузупбеков коло медаль үчүн америкалык Жозеф Петрик Рау менен чыгат.

Жоламан Шаршенбеков 6-августтан 7-августка караган түнү коло медаль алды. Ал 3:1 эсебинде ирандык атаандашы Мехди Мохсеннежадды жеңди.   

7-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашып, 3:0 эсебинде, күмүш медалга татыктуу болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты