Олимпиада күндөлүгү: Амантур Исмаилов алгачкы таймашка чыгат

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 7-августта, Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандан эки спортчу беттешке чыгат. Грек-рим күрөшү боюнча Амантур Исмаилов алгачкы беттешин баштайт. Үзүр Жузупбеков коло медаль үчүн таймашат.

Грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмакта Амантур Исмаилов Грузиядан келген Рамаз Зоидзе менен күрөшөт. Көрсөтүү Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө.   

Амантур Исмаилов 1/8 финалда грузиялык Рамаз Зоидзе менен беттешет.  

Үзүр Жузупбеково коло медаль үчүн америкалык Жозеф Петрик Рау менен чыгат. Көрсөтүүлөр жергиликтүү убакыт боюнча 15:30да көрсөтүлөт.   

Жоламан Шаршенбеков 6-августтан 7-августка караган түнү коло медаль алды. Ал 3:1 эсебинде ирандык атаандашы Мехди Мохсеннежадды жеңди.   

7-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашып, 3:0 эсебинде, күмүш медалга татыктуу болду.

Сүрөттө: Амантур Исмаилов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты