Олимпиада күндөлүгү: Акжол Махмудов коло медаль алды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 7-августтан 8-августка караган түнү, Париж Олимпиадасында Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта коло медаль үчүн күрөшүп, атаандашы азербайжандык балбан Сенан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңди.

Бул Кыргызстандын Париж Олимпиадасындагы үчүнчү медалы болуп калды. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков 6-августтан 7-августка караган түнү коло медаль алды. Ал 3:1 эсебинде ирандык атаандашы Мехди Мохсеннежадды жеңди. 7-августта Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медаль үчүн күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип, күмүш медалга татыктуу болду.

Акжол Махмудовдун чейрек финалдагы атаандашы Казакстандан Демеу Жадраев эле. Башында Акжол Махмудов утуп келе жаткан, анан упайлары жокко чыгарылып, жыйынтыгында 3:1 эсебинде утулуп калган.

Ага чейин Акжол Махмудов америкалык Камал Амеерди 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты