Олимпиада күндөлүгү: Айсулуу Тыныбекова жана Айаал Лазарев таймашка чыгат   

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 9-августта, Париж Олимпиадасында Айсулуу Тыныбекова жана Айаал Лазарев таймашка чыгат.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде 1/8 финалында нигериялык спортчу Эстер Колаволе менен беттешет.  

Айсулуу Тыныбекованын атаандашы Эстер Колаволе Африканын жана африкалык оюндардын чемпиону.

Ал эми Айаал Лазарев 125 килограмм салмак ченинде 1/8 финалында Ирандан келген Амир Хоссейн Заре менен күрөшкө чыгат.  

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Беттештер бүгүн, 9ңавгустта, Бишкек убактысы боюнча 1/8 финал саат 15:30да, 1/финал саат 16:30да, дарым фина саат 22:15те, финал 23:30 да болот.

Олимпиада күндөлүгү: Айсулуу Тыныбекова жана Айаал Лазарев таймашка чыгат   

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт коллажы: Айсулуу Тыныбекова жана Айаал Лазарев Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты