Олимпиада күндөлүгү: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты  

  • 1 месяц мурун

Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасында 76 килограмм салмак ченинде 1/ 8 финалында индиялык спортчу Ритика Худаны 1:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.  

Жарым финалда Медет кызы АКШнын курама командасынын спортчусу Кеннеди Блейдс менен Кубадан келген Марин Потрильенин кимиси жеңсе, ошону менен беттешке чыгат. Жарым финалдар бүгүн, 10-августта, Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Буга чейин ал кытайлык спортчу Ван Цзюанды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты