Олимпиада күндөлүгү: Айпери Медет кызы жарым финалда жеңилип калды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 10-августта, кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы жарым финалда америкалык спортчу Кеннеди Блейдс менен беттешке чыгып, 6:8 эсебинде утулуп калды. Ошону менен ал финалга чыкпай калды.

Эртең, 11-августта, Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт.

Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында 76 килограмм салмак ченинде 1/ 8 финалында индиялык спортчу Ритика Худаны 1:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.  

Буга чейин ал кытайлык спортчу Ван Цзюанды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты