Олимпиада күндөлүгү: Айпери Медет кызы 5-орунду ээледи

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-августта, Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак ченинде коло медаль үчүн Кубадан келген Марин Потрилье менен таймашып, 0:6 эсебинде жеңилип калды. Айпери Медет кызы коло медаль  ала албай калды.  Ал 5-орунду ээледи.

10-августта Айпери Медет кызы жарым финалда америкалык спортчу АКШдан келген спортчу Кеннеди Блейдс менен беттешке чыгып, 6:8 эсебинде утулуп, финалга чыккан эмес.

Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында 76 килограмм салмак ченинде 1/ 8 финалында индиялык спортчу Ритика Худаны 1:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.  

Буга чейин ал кытайлык спортчу Ван Цзюанды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.

Кыргызстандын курама командасында Париж Олимпиадасында 2 күмүш, 4 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова  менен Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова жеңип алышты. 

Олимп оюндары бүгүн, 11-августта, жыйынтыкталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты