Олимпиада күндөлүгү: Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 10-августта, Париж Олимпиада оюндарында Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 125 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, канадалык Амарвир Десини 5:0 упай менен жеңди. Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт.

Айаал Лазарев кечки финалдык блокто коло байге үчүн Таха Акгүл менен күрөшөт.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөттө: Айаал Лазарев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты