Олимпиада күндөлүгү: Айаал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

  • 3 месяца мурун

Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Айаал Лазарев эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмак ченинде 1/8 финалында ирандык спортчу Амир Хоссейн Зареге утулуп калган. Ирандык спортчу финалга чыккандан кийин Лазарев коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

10-августта Айаал Лазарев Канададан келген Амарвир Деси менен беттешет.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты