Олимпиада күндөлүгү: Айаал Лазарев биринчи таймашында утулуп калды  

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 9-августта, Париж Олимпиадасында Айаал Лазарев 125 килограмм салмак ченинде 1/8 финалында Ирандан келген Амир Хоссейн Заре менен күрөшкө чыгып, андан 0:5 эсебинде утулуп калды.

Эгер ирандык Амир Хоссейн Заре финалга чыкса, анда Айаал Лазарев 10-августта коло медаль үчүн күрөшөт.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы алгачкы атаандашы нигериялык Эстер Колаволени 5/1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Чейрек финал бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 16:50дө болот.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты