Олимпиада айылчасынын тамак-ашы начарбы? УОК башкы катчысы Кылыч Сарбагышевдин жообу

Олимпиада айылчасынын тамак-ашы начарбы деген суроого Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылыч Сарбагышев Госинфо телеграм каналына жооп берди.

Кылыч Сарбагышев буларды билдирди:

-Алгачкы күндөрү чындыгында эле Олимпиада айылчасында ашканаларда чоң кезек болуп жатты.  Уюштуруу комитети атлетчилердин арыз-муңун эске алып, тамак-ашы сапаттык жана сан жагынан да жакшыртылган.  Бир аз убакыттан кийин күрөш, бокс жана дзюдо машыктыруучуларынан сурамжылоо жүргүзүлгөн. Машыктыруучулардын айтымында, салат, жер-жемиш, экинчи тамактар тиешелүү көлөмдө болуп калды.

Ошондой эле Улуттук Олимпиада комитети кошумча улуттук тамактарды: сорпо, жаңы кайнатылган эт, тооктун этин бышыртышты.  

Көйгөйлүү нерсе – атлетчилерди жайгаштырууда болду, Олимпиада айылчасында 1, 2, 4 жана 6 орундуу номерлер бар. Биздин машыктыруучулардын суроо-талабы боюнча, биздин атлетчилердин баары бир жана эки орундуу номурларда жайгаштырылган.

Учурда 16 спортчуга эки массажчы жана эки врач бар.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен меценат Аскар Салымбеков Олимпиада оюндарына өз каражаттарына барган, -деп айтты Кылыч Сарбагышов.  

Буга чейин социалдык тармактарда кыргызстандык спортчулардын шам-шум этип жаткан видеосу тарап, Олимпиада оюндарынын тамак-ашы начар болуп жаткандыгы тууралуу айтылып жаткан. Суучул Денис Петрашов да алгачкы күндөрдө тамак-аш тартыш болуп жатканын билдирген. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн келген спортчулар да Олимпиада айылчасынын тамак-ашына нааразылыгын билдиришкен. Улуу Британия спортчулары эттин чала бышып калганын айтып, тамактануудан баш тартышкандыгы тууралуу да социалдык тармактарда сөз болууда.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты